Акылбек Жапаров “фейктерге”: Былгытып осуруп коюп отура берген туура эмес

Мезгил

Депутат Акылбек Жапаров  интернеттеги “фейктерге”  карата Былгытып осуруп коюп отура берген туура эмес” деди. 

-Атамбаевдин жаман жагы көп айтылып калды. Бирок бир жакшы жагын айтып коёюн.  “Желтая пресса” такыр ооздукталбай когондо ал киши айтты. “Исламда ушак айткан бир туугандын этин жегенге барабар” деп ушундан кийин анан ооздукталган. Ушак деп биз эмнени айтабыз. Ким эмне айтканын, каяктан таратканын билбесе биз ошону ушак дейбиз. Бул жерде да ушак жөнүндө болуп жатат.

Эгерде кайсы бир адам өзүнүн атын атап туруп каалаган оюн айтсын, каалаган жерде жазсын, эмне кылса дагы биздин конституция менен анын укугу корголот. Эгер ар намыска шек келтирсе  кылмыш иши козголбойт, бирок ага айып пул салса болот. Бирок азыр “фейк” деп коёбуз ушакчынын аты-жөнүн билбесек биз аны менен кантип күрөшөбүз. Өзүнүн фамилия аты жок оюна келгендин баарын сүйлө берип анан жыргап жата берген болбойт ал. Былгытып осуруп коюп отура берген туура эмес- дейт Жапаров.

Белгилей кетсек, учурда Жогорку Кеңеште  “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам каралууда.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *