Акылбек ЖАПАРОВ, ЖК депутаты: “Премьер болуу кыялым ишке ашса – кыял болбой калат да…”

Мезгил

–Акылбек мырза, таажы ылаңы учурунда мамлекетибизге ичтен да, сырттан да жардам бергендер мол болду. Ошол жардам бергендердин аты-жөнүн, чогултулган каражат каякка жумшалганын өкмөт эмнеге ачыктап бере албай жатат деп ойлойсуз?

–Бере алат. Каржы министрлигинин ачык бюджет сайты бар. Ал жерде бүт маалыматтар бар болуш керек.

–Таажы ылаңы бийликтеги кадрларды, өзгөчө өкмөттүн экономика тармагындагы жетекчилердин дараметин аныктады окшойт. Өкмөт азыркыдай курамы менен (өзгөчө экономикага жооптуу) алдыда маяна, пенсия, пособиелерди убагында бере алышабы?

–Чет жактан келген 70% ашыгы кредит менен жылдын аягына чейин араң беришет. Бирок, экономика кайра жанданбаса өтө кыйын абалга душар болобуз. Өкмөттүн «экономикага 14 млрд сом салып жардам кылабыз» дегени жетишсиз. Биз «быйыл жок дегенде 60-70 млрд сом бериш керек» – деп булактарын да аныктап бергенбиз.

–Бул өкмөт ошол аныктамаларды ишке ашырганга кудуреттери жетеби?

–Президент, парламент ишеним артып турганда эмне үчүн ишке ашпайт деп өкмөттөн сураш керек го?

–Премьер болуу кыялыңыз азырынча ишке ашпай калды го ээ?

–Кыял ишке ашса, кыял болбой калат да…

–Кайрадан каржы министри болушуңузга тилектешмин анда…

–Баары Кудайдан.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *