Акылбек ЖАПАРОВ, Жогорку Кеңештин депутаты: “Биздин экономикабыз да учурда “реанимацияда жатат”

   Мезгил

Саясатчы катары эмес, адис катары Акылбек Үсөнбековичтин анализи менен акылынын тунуктугу көптөрдү таңгалдырып келет. Биз бүгүн мындай инсан менен учурдагы оор экономикалык жагдайды эске алып, пикирин, ага удаа сунуштарын да сурадык.

–Акылбек мырза, доллардын курсу таажы ылаңына чалдыккандар сымал эле өсүп баратат. Сомго карата 80 сомду чамалады. Мындай ыргак менен кыргыз экономикасына кайрадан оор сокку урулат да ээ?

–Экономика ачылып, долларга муктаждык пайда боло баштады. Запастар тамак-аш, дары-дармек, чийки заттар түгөндү же түгөнүп барат. Экономиканын импорттон көз каранды экени чек аралар жабылганда даана көрүндү. Тилекке каршы, дагы бир 20-30 жыл долларга атаандаш пайда болбойт. Кыргыз экономикасынын «короновирусу» бул аткезчилик. Фискалдаштыруу, салыктан 80 % кирешебиз турат. Азыр булар ИВЛ аппараттарындай эле керек. Азыр колунда жокторго түздөн-түз акча таратып үстөк пайызы аз же жок эле бизнеске акча берип, жумушчу орундарды сактап калыш керек. Учурда экономикабыз да «реанимацияда жатат». Азыр жардам бербесе кишилер жардамды убагында ала албай каза болгондой бул чатак менен бүтөт.

–Учурдагыдай оор шартта бийликтин күзүндөгү парламенттик шайлоону өткөрүүгө чамынганы канчалык деңгээлде орундуу деп ойлойсуз? Азыр шайлоо эмес, дүйнө калкы эл аралык деңгээлдеги олимпиада оюндарын токтотуп жатканда биздин шайлоо өткөрөбүз дегенибиздин өзү оптонгондук иш эмеспи?..

–Жок бул биздин Конституция, мыйзамдар менен бекитилген. Бирок, эрежелерин, убактысын абалга карап, ооруну күчөтпөй Монголиядагыдай же Россиядагыдай шайлоо өткөзсө болот.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *