Акылбек ЖАПАРОВ, Жогорку Кеңештин депутаты: “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен аламанга аттандым…”

  Мезгил

Акылбек мырза, жарышка кайсы партия менен аттанмай болдуңуз? «Бир Бол» партиясындагы сиз башында турган мурдагы чиновниктердин армиясынан партлидер Алтынбек Сулайманов толугу менен кутулуп, жаңы жүздөр менен чыкканына кандай көз караштасыз?

–Жеке өзүм бул сапар «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен аламанга аттанмай болдум.  Ал эми «Бир Бол» боюнча, ар бир шайлоонун өзүнүн ыкмалары бар. Партия өткөн шайлоодо тажрыйбасы көп саясатчылар жана жаштар менен чыккан. Азыркы курамына партиянын сьезди талапкерлердин тизмесин бекиткенден кийин баа бериш керек го? Күтө туралы.

–Кудай сактасын, бирок, күз мезгилинде эпидемиянын экинчи, үчүнчү толкуну башталат деген пикирлер бар. Эгер ал балакет башталса «ач бел, куу жондо» калган экономикабыз биротоле кыйрап, элибиз ачка калуу коркунучуна кептелбейби?

–Кептелет! Алдын-ала эн кыйын татаал абалга даярданыш керек. Болсо даярбыз, болбосо сүйүнүп кете беребиз. «Өлгөндүн үстүнө көмгөн» болбош керек.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *