Акылбек ЖАПАРОВ, Жогорку Кеңештин депутаты: “Социалдык фонддун иштөө принциптерин өзгөртүш керек”

    Мезгил

–Акылбек мырза, учурда Кыргызстандын тышкы карызы көбөйгөнү маалым болду. Улуттук коопсуздугубузга коркунуч жараткан мындай карыздан азырынча кутула албайбыз да ээ?

–Карызды дүйнөлүк пандемиянын коркунучу менен жеңилдетсек же кечирсе болот. Карызды төлөй турган акчаны ден соолукту чыңдаганга алмаштырса да болот. Бул боюнча жакында ООН атайын кайрылуу жазады. Тагыраагы, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн карыздарын реструктуризациалоо же кечүү жөнүндө. Эми ушунун алкагында иштеш керек. Кайрылуу каржылык институттарга МВФ, ВБ жана өнүккөн өлкөлөргө, ошонун ичинде Кытай да бар. Жыйырмадай өнүккөн өлкө ошондой чечим алды. Мындай шартта биздин каржы министрлиги жакшы профессионал адистерден топ түзүп алып, иштеш керек.

–Соңку суткада доллардын куну кайрадан кымбаттады. Мындан ары доллар өссө өсүп, бирок, түшпөйт да туурабы?

–Ал жагы экономикага жараша. Биз импортко көз каранды өлкөбүз, соода сатык боло баштаса долларга талап күчөп, курсу бекемдейт, сомдун курсу бошойт.

Социалдык фонд күзүндө пенсияга бир аз кошумча кошулаарын шардана кылышты. Пенсионерлерге кошумча төлөм кылганга мамлекетибиздин чама-чаркы келеби?

–Бул жылга карыздын эсебинен чама-чарктары келет. Бирок, эмки жылдарга бүдөмүк боло баштады. Бизде пенсионерлердин, пособие алуучулардын саны көбөйүп, иштеген адамдардын саны азайып атат. Социалдык фонд бюджеттен түздөн-түз көз каранды болуп алды. Бул тармактын иштөө принциптерин өзгөртүш керек. Мыйзамдар өтө популистик. Жокко чыгарыш керек. Тилеке каршы, өкмөт, парламент баарын эртеңкиге калтырып, бизди, экономисттерди, илимий чөйрөдөгү илимпоздорду уккан киши жок…

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *