Акылбек ЖАПАРОВ, Жогорку Кеңештин депутаты: “Туйгуналы Абдраимов болгондо БШКда азыркыдай абал болмок эмес”

Мезгил

Сергек көз-караштагы саясатчы, экономиканын күңгөй-тескейин семичкедей чаккан Акылбек Үсөнбекович кай бирибизге жаккан менен айрымдарыбызга жага бербейт. А бирок, каарманыбыз экономикалык сабаттуулугу боюнча анча-мынчаны алдына сала бербейт. Биз бул сапар эл өкүлү менен экономика жаатында эмес, жалпы саясый абалдан кеп козгодук.

–Акылбек мырза, “Кыргызстан” партиясынын айланасындагы абал боюнча бир катар саясатчылар пикир билдирип чыгышууда. Сиз бул көрүнүш боюнча кандай ойду айтаар элеңиз?

–Баарыңар көргөндөй, Борбордук шайлоо комиссиясы эмоцияга, тыштан жасалган басымга алдырды. Эгерде БШКнын “эки тизгин, бир чылбыры” айтылуу Туйгуналы Абдраимовдун жетегинде болгондо мындай болбойт эле. Боршайком алгач эскертүү берип, ага чейин график, документтерди алуу боюнча бекитилип, ажиотаж жок эле документтерди алууну уюштуруш керек болчу. Талапкерлердин же аламанга аттанган партиялардын тагдырын шайлоодо шайлоочулар чечиши керек…

–2005-жылдагы парламенттик шайлоодо Кочкор районунун шайлоочулары “Баарына каршы” дегенге добуш беришип, натыйжада шайлоо жараксыз абалга кептелип, тарыхта “Кочкор феномени” жаралган. Азыркыдай элдин нааразычылыгы күч шартта алдыдагы парламенттик шайлоодо дагы шайлоочулар баарынан тажап, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыкпайбы?

–Нааразы болгондор дайым болот. Эгерде алардын саны 50 % ашса анда шайлоо кодекси революция жолу менен эмес, тынчтык жолу менен чече турган механизм бар. Туура, 2005-жылы эгемендүү өлкөбүздүн тарыхында алгачкы ирет “Кочкор феномени” дүйнөдө биринчи жолу болгон. Тагыраагы, шайлоого келгендердин 67% же 14632 киши “Баарына каршы” деп добуш беришкен. Ошондон кийн Россия Федерациясында да мыйзамдан “Баарына каршы” деген мүмкүнчүлүк жокко чыккан. Ал эми андай жобо бизде бар.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *