Акыркы коңгуроо майрамына карата акча чогултууга тыюу салынды

 

Мезгил

Акыркы коңгуроо майрамына карата акча чогултууга тыюу салынды. Бул тууралуу билим берүү министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева кол койду. Ага ылайык, мектеп директорлоруна жана мугалимдерге бүтүрүүчүлөрдөн белек алууга, көңүл ачуучу жайларда бүтүрүү кечелерин уюштурууга да тыюу салынат.

Акыркы коңгуроо күнү шаардык жана райондук билим берүү башкармалыктын кызматкерлери күнү-түнү нөөмөттө турат.

Буйрукту аткарбаган мектеп жетекчилерине дисциплинардык жоопкерчиликтен тартып кызмат ордунан бошотулганга чейинки чаралар көрүлүшү мүмкүн.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *