Акыры келишти. Оренбургдан Бишкекке 413 кыргызстандык кайтып келди

 Мезгил

Бүгүн, 24-майда Оренбургдан Бишкекке 413 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу  Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык,  президент  Сооронбай Жээнбеков жана Казакстандын  президенти Касым-Жомарт Токоевдин Кыргызстандын жарандарын ташып чыгуу үчүн Казакстандын аймагы боюнча транзиттик коридорду берүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдүн алкагында Кыргызстандын  Өкмөтү тарабынан иштелип чыккан маселесинин негизинде Россия Федерациясынын Оренбург облусунун Бузулук районундагы 413 жаран мекенине кайтып келди.

“24-майда Кыргызстанга  өкмөт тарабынан берилген 9 автобус менен Казакстандын   аймагы аркылуу транзиттик коридордо 2 сутка аралыгында келишти. Бардык келген адамдар белгиленген тартипте тиешелүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылат”, – деп айтылат маалыматта.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *