«Аламүдүн» базары дезинфекцияланды. Ал эми бүгүн «Ош» базарын дезинфекциялоо иштери жүрөт

       Мезгил

    Бишкек шаарындагы «Аламүдүн» базарында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.  

Маалым болгондой, дезинфекциялоо кечээ, 11-июнда бардык сатуучулар жумушун бүтүргөндөн кийин кечке маал жүргүзүлгөн.

Ошондой эле бүгүн «Ош» базары дезинфекцияланат. Буга чейин бул жердин ишин 15-июндан 17-июнга чейин дезинфекциялоо чаралары үчүн убактылуу токтотуу пландалууда деп маалымдалган болчу.

Белгилей кетсек, 9-июнда «Ош» базарында коронавирус жуктурган учур катталган.

 Эске салсак,  «Орто-Сай» базары дагы дезинфекциялоо үчүн эки күнгө — 10-июндан 12-июнга чейин жабылган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *