Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун соту кийинкиге жылдырылды

Мезгил

Бүгүн, 21-октябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда  Бишкек шаарынын  мурдагы мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов жана 10 айыпталуучунунун иши каралды.

Жактоочунун келбегенине жана эксперттин ооруканада дарыланып жатканынан байланыштуу соттук отурум 25-октябрга жылдырылды.

 Эске салсак,   Кулматов   баш калаада мектеп салууга жумшалган 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган деп айыпталган.

Ал эми Ибраимовго ««Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *