Албек Ибраимовду Каржы полицисы суракка алды   

Мезгил

Ленин райондук сотунда мурунку мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовго карата кылмыш иштери боюнча соттук иши каралууда.  

Кечээ, 27-августта Албек Ибраимовду Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка күбө катары чакырышкан. Ал эми юрист соттун жана Каржы полициясынын аракетине Албек Ибраимовду суракка ага маалымат бербестен алып кеткендигине жактоочу Сергей Слесаров  нааразычылыгын билдирди. 

Тактап айтсак, Албек Ибраимов тергөө абагынан алынып кеткенден кийин гана сурак тууралуу маалыматты билген. Ошондой эле Албек Ибраимов суроолорго жооп берген эмес. Кийинки сурак 29-августта болот.

Эске салсак, Албек Ибраимов 19-июлда камакка алынган. Ага “Дастан” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси болуп турганда мыйзамсыз сатып алууларга барган деген айып тагылган.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *