Александр Крестинин: Кыргызстан менен Монголиянын беттешине ыраазы эмесмин

Мезгил

Кечээ, 15-октябрда футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы 2022-жылы өтүүчү Дүйнө чемпионатына тандоо турунда Монголия курамалары менен  беттешип Кыргызстан Монголияны 2:1 эсебинде жеңген.  Ал эми оюндун бул жыйынтыгына Улуттук курамдын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин ыраазы эмес.

 “Кечээ оор оюн болду. Биринчи бөлүктө биздин курама абдан жакшы ойношту. Бирок кийинки бөлүктө  катачылыктарды кетирип жатышты.  Албетте жеңишке жеткенибизге кубанычтамын, бирок эсеп санга ичим чыккан жок. Мьянма менен кандай ойношсо, Монголия менен да ошондой ойноп  жок дегенде 6 упай   алышыбыз керек болчу” дейт Крестинин.

Эске салсак, кечээ Кыргызстан Монголияга каршы беттешип 2:1 эсебинде жеңишке жетишкен.  Кыргызстан курамасы 2022-жылы өтүүчү Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы болуучу Азия Кубогуна тандоо этабында Япония, Тажикстан, Монголия жана Мьянма курамалары менен «F» тайпада күч сынашууда.

Төрт турда үч беттеш өткөргөн улуттук курама азыр 2-орунда.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *