Александр Крестинин: Эртеңки атаандашыбыз күчтүү бирок, Японияга оңой оюн болбойт

Мезгил

Кыргызстандын улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин эртеңки Кыргызстан менен Япониянын беттешинде кыргыз курамасы оңой оюн көрсөтпөй тургандыгын убадалады.

Ал бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында билдирди.

  “Ар бир команданын алсыз жактары бар, биз аны колдонгонго аракет кылабыз. Биз атаандашыбызды жакшы эле талдадык. Албетте ал команданы дагы сыйлайбыз. Анткен менен ишенип койгула, эртеңки оюн Японияга оңойго турбайт. Алардын ортоңку бөлүгүндө Накадзима менен Акано гана эмес, бардык позицияда ойногон футболчулары күчтүү. Алардын ар бирин бөлүп караганга болбойт”, – деди ал.

Белгилей кетсек,  эртең 14-ноябрда футбол боюнча 2022-дүйнө чемпионатына тандоо турунда  Кыргызстан менен Япония курамалары беттешет.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *