Александр Крестинин: Беттештен беттешке жакшы ойноп жатабыз

   Мезгил

Бүгүн, 18-ноябрда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин менен Тажикстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Усмон Тошев журналисттерге маалымат жыйын берди.

Анда Александр Крестинин аталган эки өлкөнүн буга чейинки беттеши өтө төмөн деңгээлде өткөнүн айтып, ал эми эртеңки оюнда биздин курама команда андай катаны кетирбей тургандыгын билдирди.

-Биздин башкы каршылашыбыз — бул биз өзүбүз. 5-сентябрда Тажикстанда биз өтө начар оюн көрсөткөнбүз. Мен машыктыруучу болуп тургандан бери мындай начар ойной элек болчубуз. Аябай начар оюн. Эң башкысы биз ал оюнду талдап көрдүк. Биз башка андай начар оюн ойнобойбуз. Тажикстан менен болгон оюн тандоо оюндарындагы алгачкы беттеш болчу. Андан бери канча оюн өткөрдүк. Беттештен беттешке жакшы ойноп жатабыз. Курама чогуу болгондо техникалык жана физикалык жактан да алдыга жылып жатабыз-деди Крестинин.

 Кыргызстан менен Тажикстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши 19-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда кечки саат 20:00дө  өтөт.

Белгилей кетсек, эртеңки Кыргызстан менен Тажикстандын беттешинде фан-зона уюштурулбайт. Өткөндө Япония менен беттеште билеттер сатылып бүтүп калгандыктан күйөрмандар үчүн атайын фан-зона уюштурулган. Ал эми  эртеңки беттешке  учурда билеттер  стадиондун кассасында сатылууда. 

Булак: Мезгил  ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *