Александр Никсдорф: Рыскелди Момбековдун деңгээли экинчи класстын окуучусундай

Мезгил

Александр Викторович Никсдорф көп жылдар бою “Вечерний Бишкек”, “Слово Кыргызстана”, “Утро Бишкека”, “Чуйские известия” гезиттеринде эмгектенген журналист. Ал “Российская газетанын” Борбордук Азия өкүлчүлүгүн да жетектеген. Александр Никсдорф социалдык баракчасына парламент депутаты Рыскелди Момбеков жөнүндө пикир калтырыптыр.

Анда КСДП саясий партиясынан шайланып келген депутат Момбековдун ЖКнын Транспорт, коммуникация , архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында сүйлөгөн созүн сынга алган.  Эл өкүлү “Путиндин эмнеси кыска да, Назарбаевдин эмнеси узун?”, – деп суроо салып, жообун “Бул фамилия” деп айткан. “Мага депутаттын деңгээли экинчи класстын окуучусундай сезилди. Анан биз алардын идеяларына таңкалып олтурабыз”- деген Никсдорф аксакал.

А биз Рыскелди Момбековго таң калган деле жокпуз. Анткени бул депутаттын парламентте бар болгону деле дурус болсо керек. Ал сүйлөгөндө куудул Тынар арт жакта калып кетет эмеспи? “Путиндики кыска, Назарбаевдики узун” деп койсо эмне болуптур? Бизге өөн учураган деле жок. Мындай сөздөр депутаттын менюсунда бар, дайыма айта жүрчү, кадимки сөздөрүнүн бири эмеспи? Бирок Тынар куудул айткандай, бул сөздү бир аз “кагазга ороп”, “жымсалдап” туруп, анан сүйлөсө болмок экен, жарыктык депутат.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *