Алга Кылычев: Мирбек менен Мээрбек Таластагы төңкөрүштү жетектемек

   Мезгил

Алга Кылычев 7-8-августтагы Кой-Таштагы  окуя боюнча мурдагы тарапташтарына каршы көрсөтмө берген. Тагыраагы КСДПнын мүчөсү экс-президент Алмазбек Атамбаев, анын кеңешчиси Фарид Ниязов, КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева, Мээрбек Мискенбаевге каршы көрсөтмө бергени тууралуу маалымат тараган.

Тергөө менен кызматташууга барган Алга Кылычев менен Мээрбек Мискенбаев эки ирет беттештирилген. 8 саатка созулган беттештирүүдө Кылычев мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга камынгандыгы тууралуу айткан. Ошондой эле бийликти күч менен басып алуу планында аймактар боюнча уюштуруу иштери да бөлүштүрүлгөнүн айтып берген. Түзүлгөн планда Таластагы массалык башаламандыкты саясий кеңештин мүчөсү Мирбек Айтикеев жана Мээрбек Мискенбаев жетектей турганын билгилүү болгон.

КСДПчы экс-депутат Мээрбек Мискенбаевге карата ИИМдин тергөө башкармалыгында кылмыш иши козголуп, суралып жатса, Мирбек Айтикеев өлкөдөн чыгып кеткен. Айрым маалыматтарга караганда ал учурда Швециядан баш баанек сураган.

Шибегени капка ката албайсың дейт кыргызда, Атамбаевчилердин чыныгы жүзүн Алга Кылычев ушинтип ачып жатыптыр.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *