Алименттин баасы көтөрүлөт

 

Мезгил

Алименттин мыйзамдарын жөнгө салуу иштери каралат.

Жогорку Кеңештин Coциалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитети «Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзам актыларын өзгөртүү тууралуу» мыйзам долбоорун талкуулайт.

Анда эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров, Мамлекеттик миграция кызматынын башчысы Болотбек Ибраимжанов, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева алимент маселеси боюнча депутаттардын суроолоруна жооп беришет.

2017-жылдагы көрсөткүч боюнча алименти төлөбөй жүргөндөрдүн саны 42 миң адам болгон. Эл  өкүлдөрү алименттин эң аз көлөмүн 1800сом кылынсын деген сунуш киргизип жатышат. Азыркы күндө 200-300сом алимент төлөгөндөр бар.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *