Алканова: “Азаттык” Саймаитиники деген кол, америкалык жолбун ит багар Адам Стенфилддики

   Мезгил

Журналист, иликтөөчү Элнура Алканова “Азаттыктын” журналисти Али Токтакуновдун Саймаити жана Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондогон долларлар тууралуу иликтөөсүнө сын пикир жазган. Анда Али Токтакунов келтирген документтердеги калпыстыктар тууралуу айтылат.

“Мен “Азаттыктын” Миллиондордун изи аттуу иликтөөсүн көрүп жатып, кесибимде үйрөнгөн адатым боюнча Али Токтакунов көрсөткөн документтердин деталдарына көңүл бурдум. Биринчи эле байкаганым – видеотасманын 3 мүнөтүндө Али Кыргызстандан чет өлкөлөргө которулган акчалардын документин көрсөттү. Ал документтерде Айеркен Сайматинин кытай иероглифи стилиндеги колу турган. Ал эми видеотасманын 27-мүнөтүндө Али башка документтерди көрсөттү, анда Сайматинин колу латын стилинде коюлуптур.

Мен ал колдун үлгүсүн кесип алып, Yandex Photoнун издөөчү ресурсуна койдум. Издегич ал кол кимге таандык экенин дароо http://www.spcaflorida.org/blog/ed-corner-august2015/ сайтынан тапты.  Ал кол америкалык жолбун иттерди камкордукка алуучу “SPCA Florida” фондунун жетекчиси Адам Стенфилддики болуп чыкты. Ал өзүнүн бир ачык катында ушул колун коюп жарыялаган. “Азаттык” аны өзүнүн иликтөөсүндө Сайматинин колу деп ишендирген.

Андан ары дагы башка деталдары чыгып, “Азаттык” көрсөткөн документтер жасалма экенин көрсөттү. Калган документтерин “Азаттык” өз иликтөөсүндө чала чагылдырганы үчүн текшерүүгө мүмкүнчүлүк болбоду.

Кечээ Али Токтакунов биздин бардык суроолорубузду угуп, түшүнүксүз жооп берип, анан бизди “силер бирөөнүн буйрутмасы менен иштеп жатасыңар” деп айыптады. Биз анын бул айыптоолорун аябай жарыялагыбыз келди эле, бирок Али кийин байланышып, биздин сүйлөшүүлөрдүн мазмунун ачыкка чыгарууга тыюу салды.

Бүгүн “Азаттыктын” Бишкектеги бюросунун директору Айзада Касмалиева бизди “бирөөнүн күчүгүнө айланып жанын бакканды артык көргөндөр” деп жазды, бирок менин атымды жаза алган жок, сактанып жаткандай.

Мени жана 5-каналдын редакциясын кемсинтип жаткандарга мен “бирөөнү кемсинтүүдөн же айыптоодон мурда алгач өз сөзүңөргө далил тапкыла” деп айтат элем.

Мен Алинин айткандарына таарынбайм жана эртең аны биздин офистен күтөм. Биз документтерибизди салыштырып көрүшүбүз керек. Али өз документтерине башка тараптан да карап көрүшү зарыл. Анын биздин дарегибизге айткан ачуу сөздөрүнө мен көз жумуп коюуга жана аны менен конструктивдүү иштөөгө даярмын, албетте “Азаттык” муну кааласа.

Ким кааласа менин маалыматтарымды өзү текшерип көрсө болот: Яндекс издөөчү, way back machine, swift validator.”.

Эске сала кетсек, журналист, иликтөөчү Элнура Алканованын бул маалыматы Али Токтакуновдун “Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи” деген Саймаити тууралуу 1-иликтөөсүнөн соң жарыяланган. Бирок Али Токтакунов ага карабай толук ишке ашпай калган 2-иликтөөсүн Саймаити атылгандан 10 күндөн кийин жарыялап олтурат. Анын Кыргызстанда издөө салынган Саймаити менен байланышканы жана анын “Мен Кыргызстандан мынча миллион чыгарып кеткенмин” деп кылмышын моюндаганы өзү суроо жаратат. Ошондой эле Алиден колундагы документтерди иликтөө үчүн берүүнү Финпол өтүнгөн учурда баш тартканы да экинчи суроону туудурат. Ал эми Элнура Алканованын “Азаттык” Саймаитиники деген кол, америкалык жолбун ит багар Адам Стенфилддики деген далили Али Токтакуновдун журналисттик иликтөөсүнө үчүнчү чоң суроону пайда кылат.

Учурда Түркия полициясы Саймаитинин өлүмү боюнча иликтөө жүргүзүп жатат. Анын жыйынтыгы чыккан учурда Али Токтакуновго дагы бир-нече суроо жаралып калышы деле мүмкүн?

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *