Алма жүрөктүн иштөөсүн жакшыртат

Мезгил

Алмада адамдын ден-соолугуна эң керек болгон  С, В1, В2, Р, Е витеминдери менен марганец, калий, кальций, фосфор, натрий, молибден, цинк, барий микроэлементтерине бай келет. Алма бир гана ден-соолугу чың адамдарга гана эмес ар түрдүү оорууларга да пайдалуу. Эмесе алманын курамындагы кайсы витаминдер кайсы ооруга даба жана зыян экенин билип алыңыз!

Алманын курамында апельсинге караганда  витамин А 50%га көп. Бул витаминар кандай инфекцияларга туруштук бергени жардам берет. Ошондой эле көзгө да пайдалуу. Ал эми G, В2 витаминдери бойдун өстүрөт жана табитти ачат. Ошондуктан табитиңиз тартпай турганда алмадан жеп алганыңыз жакшы. Витамин С болсо, авитаминоз жана канды көбөйтүүгө жардам берет.

Алма калий жана темирге бай. Калий болсо бөйрөктун иштөөсүн жакшыртса, темир  анемияга эң сонун даба боло алат.  Адистер кош бойлуу айымдар жана кичинекей балдар көбүрөөк жеп турууну сунушташат. А фосфор менен цинк иммунитетти көтөрүп эс тутуумду бекем кылат. Эгерде уйкусу качып уктай албай , салмагын түшүрө албай жаткан адамга алмадан жеп турууңуз деп кеңеш беребиз. Ошондой эле анда клетчатканын өтө көп бөлүгү кездешет. Алма дагы боор, бөйрөк, ашказан, ичеги-карынды, жүрөк булчуңдардын жумуштарын жакшыртат. Бет терисинин түсүн жакшыртып, жаш жана сулуу кылып көрсөтөт. Холестериндин өлчөмүн азайтып, ичтин катуусун алдын алат. 

Адистер алма баардык эле оорууларга боло бербейт анын зыяндуу жактары да бар дешет. Ошондуктан аллергиясы барлар жана диабет ооруусу менен  ооругандарга көп жегенге болбойт. Анан дагы алманы көп жесе тиштердин эмалын да жабыркатышы мүмкүн. Албетте жеп туруу крек болгону ченеми менен болгону жакшы.

Булак: Мезгил ньюс

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *