Алмаматовду айдан издейбизби?

Мезгил

Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматов Жогорку сот чыгарган чечимге ылайык кайра абакка камалышы керек болчу. Милиция коррупциялык схема түзгөн деп айыпталган Насирбек Алмаматовду кайдан издерин билбей, таппай жатат. Октябрь райондук ички иштер бөлүмү ага издөө жарыялангандыгы тууралуу кабарлады.

Маалымат үчүн

Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматов 2018-жылдын 2-ноябрында кармалган. УКМК Алмаматов автоунааларды каттоо жана кайра каттоо иштеринде, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык схема түзгөн деп айыпталганын билдирип, буга далил катары атайын видеотасманы да жарыяланып кеткен эле. Райондук сот Алмаматовду 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Бирок Бишкек шаардык соту ал өкүмдү жокко чыгарып, 3 миллион 300 миң айып пул салуу менен Алмаматовду эркиндикке коё берген. Кийинчерээк Октябрь райондук прокуратурасы Алмаматовго карата Бишкек шаардык соттун чечиминин үстүнөн кассациялык арыз менен Жогорку Сотко кайрылган.

Эми ал эргул куйругун түйүп, качып кетиптир.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *