Алмамбет Шыкмаматов: Канатым сынып кайрылды, Бөлүшөөр барбы кайгымды?

Мезгил
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов жубайын эскерип жазган ырын интернеттеги баракчасына жарыялады. 
КОШ ЖАНЫМ ЖАРЫМ ЖАНАРЫМ.
Канатым сынып кайрылды,
Бөлүшөөр барбы кайгымды?
Ажырап калдым жарымдан,
Өмүрлүк жаным, периштем.
Өксүдү жаным, ый толуп ,
Санаага баттым ойлонуп.
Жазылган дешет маңдайга,
Башынан баары болжонуп .
Жаш элең, жаным жаш элең,
Баарына өзүң, баш элең .
Асылым сени, жар кылып ,
Төрөп берген ата-энең .
Адамдан элең башкача ,
Жарашчу сени мактаса .
Ажалды таптың доктурдан,
Болобу баса айтпаса .
Жашап бир келгем жомоктой,
Сен барда баарын тоготпой.
Өксүттүң жанды асылым,
Олтурам ыйлап шолоктой .
Кош жаным, жарым асылым !
Жоготту жүрөк жакынын .
Бүдөмүк болуп алды жак,
Жетпей бир турат акылым.
Экс-депутат Алмамбет Шыкмаматовдун жубайы Жанара Турдакунова 6-июлда пневмониядан көз жумган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *