Алматы — Бишкек жолунда эки унаа сүзүшүп 9 адам каза болду

  Мезгил

Казакстанда эки унаа сүзүшүп, 9 адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды. 

Маалым болгондой,  кырсык кечээ 12-майда, Алматы — Бишкек кан жолунун 109-чакырымында катталган. Анда Lada жана Toyota Camry автоунаалары сүзүшүп, 9 адам каза болгон. Анын үчөө аял экени айтылууда. Ажал тапкандар Алматы, Шымкент жана Түркестан облусунун тургундары экени такталды.

Алдын ала божомолдорго караганда, Ladaнын айдоочусу рулду башкара албай, каршы тилкедеги унааны сүзгөн. Каза тапкандардын арасында кыргызстандыктар жок. 

Учурда текшерүү иштери катуу көзөмөлдө жүрүп жатат. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *