Алмаз Баатырбеков шайлоого аттанбайт. Эми күжүлдөп иштеши керек

  Мезгил  

    Биринчи вице-премьер-министр Алмаз Баатырбеков парламенттик шайлоого аттанбастыгын, кызматка бараар астында “договор” ушундай нукта сүйлөшүлгөнүн тар чөйрөгө каңкуулаган. Эми Алмаз мырза аламанга аттанбаган соң шайлоонун шайтан оюндарына сүңгүп кетпей, өлкөдөгү оор кырдаалды жөнгө салуу үчүн бел чечпей иштөөсү шарт. А кокус алдына келген жоопкерчиликтүү оомат убагында болбой эле “Кыргызстан” партиясына карай “кылтылдай” берсе, өкмөттөгү “экинин бири” экенин унутуп, эл кызыкчылыгын унутта калтырса анда аягы кандай болоорун өзү деле сезсе керек. Так, что дем алыш күндөрү Чоң Чүй каналын жээктей басып, мээ сергитип жүргөндө биздин ушундай сунуштарыбызды эске ала жүрүшү абзел. 

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *