Алмазбек Акматалиев: Калп эле парламентаризм деген ушул…

Мезгил 

Кайра эле башкаруу формасына келип такалабыз!

Премьер менен Өкмөттүн курамы БИР күндө куралып атса кантип Премьер өз комадасын топтойт? Жолу жок да…Менин партияман Асан менен Үсөндү министр кылып алсаң гана сен Премьер болосуң деп кычырап отурат да фракциянын лидери! Бул кадимки эле соода да. Саясат таануучу Алмазбек Акматалиев жогорудагыдай пикирди карманат.

Анын айтымында азыркыдай мамлекеттик башкаруу формасы менен (парламенттик- президенттик) Кыргызстанда күчтүү, бир муштум болгон, чыныгы чечкиндүү реформага бара турган Өкмөт эч качан пайда болушу мүмкүн эмес!

-Депутат Бокоев айтыптыр: Премьер командасы менен келген деп! Бул болбогон сөз! Биздин башкаруу формасында Премьер ЭЧ КАЧАН өз командасын топтой албайт! Эч качан! Себеби анын ” командасы” деген Өкмөт бир эле булактан куралбайт! Бери дегенде 3 бөлүктөн турат ( Премьер, Фракциялар, Президент)! Анын бирөөнү да болочок Премьер жок деп албай кое албайт! Себеби, алар соода принциби менен келишет, өзгөчө фракциялардан! Сен биз берген министрди албасаң, биз сага да добуш берелбайбыз деген соода тартиби ойнойт!

Экинчи фактор: бул убакыт фактору! Эсиңерде болсо, азыркы Өкмөттүн биринчи курамы БИР түндө куралган! Ошондой ылдамдыкта, өзү жакшы деле тааныбаган ар кошкон адамдардан топтолгон Өкмөт бир команда боло алабы? Албетте ЖОК! Калп эле парламентаризм деген ушул, туугандар!

 Азыркыдай мамлекеттик башкаруу формасы менен (парламенттик- президенттик) Кыргызстанда күчтүү, бир муштум болгон, чыныгы чечкиндүү реформага бара турган Өкмөт эч качан пайда болушу мүмкүн эмес! Себеби, андай Өкмөттүн артында шайлоочу, эл жок, таянаар калкы жок да! Ошол үчүн мындай шартта түзүлгөн Өкмөт жалтак, коркок, чечкиндүү эмес, биримдиктүү эмес өкмөт бойдон кала берет! Мындай Өкмөткө күчтүү министрлер келиши да мүмкүн эмес! Себеби, тандоо жок! Депутататтык тизмеге батпай калган, же фракция лидеринин жакын достору, туугандары, демөөрчүлөрү министр боло берет!

Үчүнчү фактор: бул экономикалык саясат, программа! Өкмөт кимдин, кайсы партиянын экономикалык- социалдык программасын ишке ашырат? Аны эч ким билбейт! Себеби, коалициялык көпчүлүк деле Программанын негизинде түзүлбөйт! Ал коалиция толугу менен жеке кызыкчылыктар үчүн түзүлөт!-дейт Акматалиев

Саясат таануучу маселе элдин караңгылыгында жана жакырлыгында болуп жатат! Мындай шартта кенедей тыйын менен элди каалагандай буруп кеткенге шарт түзүлүп калып жатат, башынан эле ушинтип келатат! Ошол үчүн: башкаруу формасы мааниге ээ эмес! деген позиция түпкүрүндө туура эмес! –деген көз карашта

-Башкаруу формасына ылайык анан конкуренция, атаандаштык, коомдук тартип, стабилдүүлүк, реформа деген нерселер мүмкүн болот экен да.. Дүйнөлүк практикада биздикиндей арабөк жана чаржайыт мамлекеттик башкаруу системасы жок! Муну мен ишенимдүү айталам! Жакшы адам, чыныгы Лидер ошол башкаруу формасына ылайык пайда болот же болбойт! Система өзү чаржайыт болсо, анан чыныгы Лидердин калыптанышы да кыйыныраак да…Кыскасы, сөз көп-дейт Акматалиев

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *