Алмазбек АКМАТАЛИЕВ, Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын ректору: “Парламенттин элге шылдың болгон учурлары болду…”

 

Мезгил

 –Алмаз агай, Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы өз ишин аяктап, каникул, андан соң шайлоого карай ат салышканы туру. Бул аралыктагы парламент өкүлдөрүнүн иши сизди канааттандырдыбы?

–Парламент акыркы 5 жылда колунан келгенин жасады. Мындан артык да, мындан начар деле иштей албайт эле. Бир топ алгылыктуу чечимдери менен бирге элге шылдың болгон учурлары да болду. Эми, кимге таарынабыз? Өзүбүз шайлаган Парламент! Жогорку Кеңеш бул коомдун күзгүсү, ал коомдон, аны шайлаган элден артык боло албайт. Эмкиде мындан жакшыраак парламентти шайлайлы, баары биздин колубузда да…

Президенттин парламент аркылуу кайрылуусун кандай кабылдадыңыз?

–Президенттин бул сөзү мурунку Жогорку Кеңештеги сөздөрүндөй эле, өлкө башчыбыздын Конституциялык ыйгарым укуктарына байланыштуу болду. Президенттик-парламенттик башкаруу системасында президент башка бийлик бутактарына катуу буйрук бералбайт, алардын ордуна чечим кабыл алалбайт. Мыйзам ошондой, бизге жагабы же жакпайбы. Мага өлкө башчыбыздын бул сөзүндө 3 нерсе маанилүү болду:

1. Кайсы партиялар күздөгү шайлоодо жеңип келсе, ошолор менен иштей бергенге даярмын.

2. Президент катары эч кимге моралдык да, материалдык да карызым жок.

3. Той, салтанаттарды пандемия боюнча расмий токтотуу зарыл.

Бул Жогорку Кеңеш эң маанилүү чечимдерди кабыл алып берип, өлкөдө 5 жыл стабилдүүлүктү жана туруктуулукту камсыз кылып берди – президенттик мөөнөттүн толук 1 жылы тышкы саясатты жөнгө салууга кетти.

Түшүнгөн кишилер бул тезистердин артында эмне жатаарын баамдап алышат деген ойдомун…

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *