Алмазбек Атамбаев 26-августка чейин камакка алынды

Мезгил

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагында 26-августака чейин камалат. Бул туурасында анын адвокаты Сергей Слесарев билдирди.

Слесаревдин айтымында, Улуттук коопсуздук комитетине Биринчи май районунун судьясы Адылбек Субанкулов чакыртылып, көчмө жыйын өткөрүлгөн. Сот Атамбаевди тергөө ишинин жүрүшү учурунда 26-августка чейин камакка алуу чечимин чыгарды.

Мурдагы өлкө башчы кримтөбөл Азиз Батукаенвди мыйзамсыз бошотууу жана коорупция беренелери боюнча айыпка шектелүүдө.

Белглией кетсек, 7-августта Алмазбек Атамбаевди атайын операция менен кармоого аракет кылышкан. Бирок анын тарапташтары буга мүмкүнчүлүк бербей, эртеси 8-августта үч миңге жакын милиция ишти колго алып, акырында Атамбаев өзү колго түштү. Ал буга чейин Азиз Батукаевдин иши боюнча көрсөтмө берүү үчүн суракка чакырылып бирок, ал суракка келүүдөн баш тарткан.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *