Атамбаев: Эгерде бийлик менин өлүмүмдү каалап жатса, андай ушундай жол менен жетишет

Мезгил

Кечээ, 14-октябрда Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук алдын ала уктуруу өтмөк. Бирок бул жолу да мурдагы президент Алмазбек Атамбаев соттук отурумга экинчи ирет келүүдөн баш тарткандыктан, алдын ала уктуруу дагы жылдырылды. Соттук отурум бүгүн да уланат.

Ал эми Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошевдин айтымында  эгерде  Алмазбек Атамбаевди  сотко күч колдонуп алып келе турган болсо ал ачкачылык жарыялай тургандыгын айткан.

“Тергөө изаляторунда жаткан адам сотко барууну каалабаса  анда  ага күч колдонсо болобу болбойбу бул жөнүндө мыйзамда жазылган эмес. Бул жерде мүчүлүштүк бар.  Тергөө изаляторунда отурган адамды сотко алып келиш керек бирок, ал каалабаса күч колдонуп алып келүү деген жок. Ошондуктан Алмазбек Шаршеновичти мыйзамга ылайык, эч ким күч менен мажбурлай албайт. Эгер мажбурлап алып келе турган болсо биринчиден мыйзамды бузуу болот.  Алмазбек Атамбаевдин кан басымынын деңгээли 70-95 бул деген  өтө төмөн.  Ал кишинин абалы нормалдуу бирок бир же эки жолу тамактанбай койсо эле   тура албай кала тургандыгын ал киши  өзү айтты. “Менин физикалык абалым азыр ушундай. Эгерде күч колдонуп алып бара турган болсо мен ачкачылык жарыялайм. Мен эки күн тамак ичпей коем,  ордуман тура албайм. Эгерде бийлик  менин өлүмүмдү каалашса  анда   ушундай жолу менен ошого жетишет” деди дейт экс-президенттин  жактоочусу Замир Жоошев.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *