Алмазбек Атамбаев КСДПнын төрагалыгынан жана курамынан кетти

Мезгил

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев КСДПнын төрагалыгынан жана курамынан кетти. Бул тууралуу аталган партиянын басма сөз кызматы билдирди.

 Ага ылайык,  экс-президенттер тууралуу мыйзамы күчүнө киргенине байланыштуу Атамбаев төрагалыктан жана партиянын курамынан убактылуу кетти. Бул мыйзам боюнча, экс-президенттерге саясий иштер менен алектенүүгө, саясий партияларды жетектөөгө тыюу салынган.  

Ал эми Атамбаевдин ордуна партиянын төрагасынын орун басары Асел Кодуранова  шайланды.

Эске салсак, Президент Сооронбай Жээнбеков “Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Атамбаев былтыр март айында КСДПнын төрагасы болуп шайланган.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *