Алмазбек Атамбаев пневмониядан айыкты

 Экс- президент Алмазбек Атамбаев пневмониядан айыкты.  Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

 Маалым болгондой, анын абалы канааттандырарлык.

Дарыгерлердин кеңешмеси өтүп, анын жыйынтыгы менен Атамбаевди УКМКнын убактылуу кармоочу жайына которуу чечими кабыл алынды. Ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө. 

Белгилей кетсек, А.Атамбаевден эки тараптуу пневмония аныкталып, ал эми ПЧР-тесттин жыйынтыгында коронавирус тастыкталган эмес. Ал Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасында атайын ооруканада дарыланып жаткан. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *