Алмазбек Атамбаев сотко алынып келинди (фото)

Мезгил

Бүгүн, 29-ноябрда  кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Биринчи Май райондук сотуна алып келинди.

Алмазбек Атамбаев буга чейин эки ирет сотко келүүдөн баш тарткан. Ошого байланыштуу процессти ансыз өткөрүү чечими кабыл алынган болчу.

 Эске салсак, Алмазбек Атамбаевди 8-августта ИИМдин атайын операциясы тарабынан кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын карап, 26-августка чейин УКМКнын тергөө абагына камашкан. Ал эми  25-октябрда мурунку президенттин соттук иши каралып сот дагы эки айга камакка калтыруу чечимин кабыл алган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *