Алмазбек Исманкулов, корейлерге болгон карызыңды кайрып бер!

    Мезгил

“Көз микрохирургиясы” деген клиниканы жана анын жетекчиси Алмазбек Исманкуловдун ысымын укпаган жан Кыргызстанда аз чыгар. Ошол догдур байкебиз 1997-98-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин эл аралык байланыштар жана медицина боюнча проректору болуп турган. Ал учурда “КУУ Медициналык борборун” жабдуу үчүн 8,5 миллион долларга медициналык жабдууларды сатып алуу максатында Билим берүү жана илим министрлигинин кепилдигин алууга жетишет. Ал кепилдик Кореядагы «Медисон Ко ЛТД» компаниясына берилип, жабдуулар Кыргызстанга алынып келинет.

Анан эле борбордун негиздөөчүлөрү болуп КУУ менен ортоктош катары Алмазбек Исманкуловдун “Көз микрохирургиясы” ЖЧКсы пайда боло калат. Бул киши ошол кезде КУУда проректорлук кызматты аркалап тургандыгын эске салалы. Жабдуулар кореядан “Көз микрохирургиясына” 1999-жылдын май айында алынып келинет. 2000-жылы КУУ өзү түзгөн медициналык борбордон негиздөөчү катары чыгып кетет. Андан соң корей компаниясына насыяны Исманкуловдун “Көз микрохирургиясы” ЖЧКсы төлөмөй болот. Ошондон бери бул эргул корей тарапка бир тыйын да төлөбөй басып жүрөт. Бул ишке карата кылмыш иши козголуп, бирок мөөнөтү өтүп кетти деген шылтоо менен жабылып калган. Корей тарап Исманкуловдон Билим берүү жана илим министрлигинин кепилдиги менен, КУУну ортого коюп алган 8,5 миллион доллардык медициналык жабдуулардын акысын төлөтүп берүүнү кыргыз тараптан суранып келет.

Исманкуловго карата иш кайрадан жанданганы калды кейиптенет. Бирок мамлекеттин килейген бир министрлигин сызга отургузуп, Кыргызстандын көзгө басар окуу жайы болгон КУУну көз көрүнөө алдап кеткен ишти тыкыр текшерүү керек. Бул жерде иштин баарын Исманкулов жалгыз жасады дегенге жаш бала да ишенбейт.

Булак: Мезгил ньюс

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *