“Алтын башыбыз аман болсо алтын аяктан суу ичебиз!” Икрамов кыргыз элин сабырдуулукка чакырды

Мезгил

Депутат Тазабек Икрамов Жогорку Кеңештин бүгүнкү кезексиз жыйынында кыргыз элин сабырдуулукка чакырды.

 -Бүгүнкү күнү чынында өтө кыйын болуп жатат. Мен жалпы кыргыз элин сабырдуулукка, чыдамкайлыкка, тартипке чакырат элем. Ушул илдетти эртерээк жеңип кетели. Ач кулактан тынч кулак дейт эң негизгичи бул оорудан алыс болсок, карантинден эртерээк чыгабыз. Эң негизигиси элдерге айтыш керек болуп атат  айыл өкмөткө, ошол жерде айыл башчылар бар чынында муктаж болуп үйүндө продукту жок болуп уну, майы жок отургандардын баардыгын ошолорду камсыздоо маселесин караш керек. Эң башкысы курсагы ток болсо болду. Жумуш дүйнө жүзү боюнча токтоп турат. Мындан эч ким эч нерсе болобойт, башкысы ооруну жеңп чыгышыбыз  керек. Сабырдуулукка барышыбыз керек. Күнүмдүк тамагыбыз болуп турса алтын башыбыз аман болсо алтын аяктан суу ичет-деди депутат.  

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *