Алтынай Өмүрбекова: Өз ишимде катачылык кетирсем, же бирөөнү таарынтсам кечирим сурайм!

    Мезгил

Мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова кызматынан бошотулгандан кийин фейсбуктагы баракчасы аркылуу кайрылуу жолдоду. Анда анын кызматтан кетишине нааразы болгон интернет колоочуларына ыраазычылыгын билдирди.

Урматтуу достор, мекендештер!!!
Чын дилимден ар бириңердин жылуу сөзүңөргө, колдооңорго терең ыраазычылык билдирем!!! Мен үчүн менин эмгегимдин эң жогорку баасы – ар бир Кыргызстандын жаранынын пикири, колдоосу! Коомдук кызыкчылык, ар бир кыргызстандыктын бак-дөөлөтү, коопсуздугу – мен үчүн эң башкы баалуулук, максат.

Жашоомдо, элдик кызматта жүргөн убагымда да жолуккан ар бир инсанга таазим, терең ыраазычылык билдирем! Азыркы биздин мекенибиздин, бүткүл дүйнө жүзүнүн да башына түшкөн оор кырдаал – коронавирус, баштаган максаттарыма, пландарыма да өзгөртүүлөрдү киргизди. Ушундай кырдаалда өз эмгеги менен, болгон мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып биздин Эл элибизге, ар бир муктаж адамга өзүнүн жардамын көрсөткөн ар бириңерге таазим! Силер бар, биздин мекенибиз, элибиз бар!

Өз ишимде катачылык кетирсем, ойлогон максаттарды толук кандуу ишке ашырып албай калсам, же бирөөнү таарынтсам, убагында жооп бербесем кечирим сурайм!
Ийгиликтер алдыда! Бар болуңуздар, аман болунуздар!-дейт ал.

Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *