Алтынбек НАМАЗАЛИЕВ: “Самат Курманкуловдун абалынан кабар алып жатабыз”

Мезгил

Алтынбек НАМАЗАЛИЕВ, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү: “Биримдикте болсок, кандай гана илдет болбосун жеңип чыгабыз”

–Алтынбек мырза, көп улуттуу калкы бар, элинин санынын көптүгү менен айырмаланган облуста таажы ылаңы жайылып кетүү коркунучу күч да. Бул жагы жетекчи катары сизди кооптондуруп жатабы?

–Ооба, Чүй облусунда 80 ден ашык улуттун ѳкүлдѳрү жашайт. Таажы ылаңы биздин Сары-Өзөндө да табылып, бир катар жашоочуларыбыздын илдетти жугузуп алгандыгы аныкталган. Албетте, коркунуч болгон, бирок, Чүй облусунун аймагында өз убагында илдетти алдын алуу боюнча тиешелүү баардык иш-аракеттер алдын-ала кѳрүлгөн жана көрүлүүдө. Ылаңдын жайылып кетишин токтотуу максатында убактылуу баардык маданий-массалык, спорттук, майрамдык иш-чаралар жана оюн зоок өткөргөн жайлардын иштөөсү токтотулган. Облустун аймагында жайгашкан баардык имараттардын ичин, сыртын жана көчөлөрүн, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тарабынан дезинфекциялоо иштери аткарылууда.

2020-жылдын 28-январындан баштап Чүй облусунун аймагында жайгашкан баардык 5 мамлекеттик чек араларынын көзөмөл-өткөрмө пункттарында санитардык-карантиндик посттор уюштурулган. Ал жерде күнү-түнү медицина кызматкерлери кызматта турушуп, жарандардын дене табын текшерип, каттоо иштерин жүрүзүлүп жатышты. Ошол учурдан баштап, обсервацияга жерлер дайындалып, карантин режимине даярдыктар жүргүзүлүп башталган. Облустун аймагында коронавирус оорусунун жайылуусуна жол бербөө жана ыкчам чараларды көрүү максатында 2020-жылдын 20-мартындагы “Чүй облусунун Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун иштөөсүн жогорулатылган даярдык режимине өткөрүү жөнүндө буйругу чыгып, облустун буюрмасы менен Чүй облусунун ыкчам штабы түзүлгөн.

Ошондой эле, бул буюртманын негизинде райондордо жана Токмок шаарында штабдар түзүлгөн. Мамлекеттик администрациялардын башчыларына, облустук түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине инфекциянын жайылышына жол бербөө боюнча тийешелүү тапшырмалар берилип, мындан тышкары ар бир кызматтын иш-аракет алгоритми иштелип чыкты.

Элибизде “жамандыкты амандык жеңет” демекчи, эң негизгиси ынтымакта, биримдикте болсок, кандай гана илдет болбосун жеңип чыгабыз деп ишенем.

–Өткөн жылы Кой-Таш окуясынан жарадар болгон Чүй ОИИББ башчысы, полковник Самат Курманкуловдун абалынан кабар алып жатасызбы?

–Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Самат Курманкуловдун абалы буюрса жакшы, акырындап калыбына келүүдө. Ал киши менен дайым байланыштабыз. Жардам берилип турат. Ал Москва шаарында дарыланып жатканда да барып, кабар алып турчубуз. Учурда Самат Ажыгулович үйүндө даарыланууда, бүгүнкү күндѳ ИИМдин медициналык башкармасынын кѳзѳмѳлүндѳ.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *