Алтынбек Сулайманов: Эсиңер барда этегиңерди жапкыла.  Уят болуп каласыңар!

   Мезгил

 Депутат Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасында геологиялык издөө, геологиялык чалгындоо иштерине жана уран, торий чыккан жерлерди иштетүүгө байланыштуу иштерге тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, жатканда уран казуу адамзатка зыян экендигин айтып элүү жыл мурда  тарткан азапты кайрадан тартып калбайлы деген оюн ортого салды.  

   -Кичине тактап билип алып анан сүйлөсөк. Экономиканы билбей туруп бизге экономиканы үйрөтпөй эле койсоңуздар. Биосфералык  зоналар бүгүн бизде кайсы жерде. Сары-Жаз, Кажы-Сай, Кызыл-Омпол. Ал эми Миң-Куш, Майлуу-Суу булар андай зонага кирбейт. Бирок Миң-Куш менен Майлуу- Суунун бүгүнкү күндө акыбалы кандай?  Бүгүнкү күнгө чейин хвостохранилищелерди биз өзүбүз күчүбүз жетпей, дүйнө жүзүнөн акча сурап жатабыз.  Азыр бизге келип алып бул жерден акылдуу болуп экономиканы үйрөтөсүңөр. Бүт дүйнө экология менен күрөшүп жатат. Кыргызстан жаңы технологиялар менен иштесек болот дейсиңер. Кайсы технологиялар менен? Элүү жыл мурда эмнеге жабылды эле бул.  Бүгүн элүү жыл өткөндөн кийин дагы ошонун азабын чегип жатабыз.  Экономиканы башка жактан издегиле. Акылдуу болбой экономиканы өзүңөр түшүнүп алгыла. Бул жерде экономикага зыян келип жатат, инвесторлор зыян тартууда, ишканалар жабылып жатат дегенди силер башка жактан издегиле. Бул такыр туура эмес. Уран адамзатка каршы экенин кантип түшүнбөйсүңөр. Элүү жыл азабын тарткан дагы Кыргыз мамлекети азап тартсын деп жатасыңарбы. Ойлонуп, эки жакты карап, ой жүгүртүп алып,  анан кийин айтсаңар.  Ошондой кыйын экенсиңер эл митингге чыкканда кайда жүрдүңөр эле? Бүгүн келип алып бизге үйрөтөсүңөр. Эсиңер барда этегиңерди жапкыла.  Уят болуп каласыңар!-деди эл өкүлү.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *