Аманбаев: Батукаев боюнча Салянованы кармаса чындыктын анык жүзү ачылмак

Мезгил

Ошол мезгилдеги Башкы прокурор Аида Салянованы кармаса чындыктын анык жүзү ачылмак. Бул тууралуу өлкөнүн мурдагы Акыйкатчысы Бакыт Аманбаев билдирди.

Анын айтымында Аида Салянова Жогорку Кеңештин трибунасында коомчулукка Батукаевдин чыгышы мыйзамдуу деп жар салган.

-А.Салянова парламенттин, коомчулуктун көзүнчө мыйзамга көзүн жумуп туруп, Батукаевдин адвокаты болуп, анын чыгышы мыйзамдуу деп кылмышкерди коргоп чыккан. Мына бүгүн ал ошол мезгилде парламенте айткан сөзү үчүн жооп бериши керек-деди Бакыт Аманбаев.

Батукаев 2013-жылы айыккыс ооруга чалдыккан деген негизде мөөнөтүнөн мурда бошотулган. Эске салсак, кримтөбөлгө «киши өлтүрүүгө катышкан, курал-жаракты мыйзамсыз сактаган, мыйзамсыз курал-жарак жасаган, массалык башаламандык уюштурган» деген айып коюлган.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *