Аманбай Кайыпов майлуу-сүттүү  кызматка барабы?

Мезгил

Буга чейин түшпөс хан аталып, бирок контейнер мектепке байланыштуу чырдан кийин кызматтан кеткен Нарындын экс-губернатору Аманбай Кайыпов майлуу-сүттүү  кызматка бараары айтылды.

Тагыраагы Кайыпов Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугуна барат

Маалыматка ылайык, учурда анын талапкерлиги каралып жатат.

 Белгилей кетсек,  Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу кызматын буга чейин Эркин Сопоков аркалап келген. Ал Стамбулда киши колдуу болгон ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу кызматтан бошоп, ноябрь айында камакка алынган.

Ал эми Аманбай Кайыпов учурда Өнөр жай, энергетика жана жер ресурстары боюнча комитеттин төрага орун басары кызматын аркалоодо.

Эске салсак, Аманбай Кайыпов буга чейин 2013-жылы декабрь айынан тарта    Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп  эмгектенген.

 

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *