Америкада коронавирус жуктурган 5 адам катталды

  Мезгил

АКШда коронавирус чакырган пневмония оорусу менен жабыр тарткан 5 адам катталган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.

 Маалымдалгандай, коронавирус оорусу Аризона, Калифорния, Иллинойс жана Вашингтон штаттарында катталган. Алардын баары Кытайдын Ухань шаарынан келген жарандар болгон.

Коронавирус (2019-nCoV) 2019-жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында башталган.    Эксперттер бул коркунучтуу вирусту аныктап, тумоонун жаңы түрү кор вирусу экенин айтышкан. Акыркы маалыматтарга караганда ооруну жугузгандардын саны   үч миңге жакындаса    каза болгондордун саны 80  адамдан ашканы айтылууда.   

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *