Анара Шаимкулова шайыр жеңе: “Аял кишиге таандык эң бийик “Эне” деген кызматым бар»

   Мезгил

Шайыр шаңдуу мүнөздүн ээси, Айбек Карымов менен аткарган “Биздин сүйүү” ыры менен көпчүлүккө таанымал, буга чейин ырчы катары гана таанып жүрсөк, эми “Сармерден” долбоорунун шайыр жеңеси Анара Шаимкулова менен азын оолак маек курдук.

– Саламатсызбы Анара эже   сизди мурда ырчы катары гана билсек, эми шайыр жеңе катары да билебиз. Сизге көпчүлүк “шайыр жеңе” деп кайрыла башташса керек?

   -Саламатчылык. Ооба,  атымдан атабай  шайыр жеңе деген кайрылууларга көнүп калдым. Көпчүлүгү мага “шайыр жеңе” деп кайрылышат. Ал эми улуулар болсо “эрке кыз” деп калышат. Ар бир уккан сайын мага жоопкерчилик кошо эскертилип тургандай сезиле берет. 

 -Күз мезгилинде ырчылар көбүнчө той – топурлардан колдору бошобой калат эмеспи? Сиз дагы алардын катарындасызбы?

  -Жараткандын элге чачкан ырыскысынан мен да насибимче жыйнап, кудайым берген өнөрүмдүн арты менен журтума кызмат кылып  жүрөм. Заман талабына ылайык, тойдо ырдап тапкан кирешебизди кайра эле жаңы форма тиктирип, жаңы чыгармаларды жаздырып, клип тартууга жумшайбыз. Андан сырткары үй-бүлөбүздүн негизги каржы булагын да эсепке алсак болот. 

-“Сармерден” долбоорунда шайыр жеңенин милдетин жакшы эле колго алгандайсыз. Бул кызматыңызга көнүп калдыңызбы?

  -Шайыр жеңеликти аркалаганыма экинчи жылга чукулдап баратат. Колдон келишинче, дареметимдин жетишинче аракеттенип иштеп жатам. Баштагыдан көнүп калдым. Ар бир өтүп жаткан Сармерден үчүн өзүнчө даярдык көрүп, кадимкидей толгоо тартам. Көркөм чыгармаларды окуп, эл оозунан жакшы макал лакап уксам,  чөнтөк дептериме жазып дегендей. Көп учурда  маанайга, аткаруучуга жана аткарылган чыгармага жараша жамактап калам.

 -Буга чейинки эки шайыр жеңенин аянычтуу таржымалы баарыбызга маалым. Бул милдеттин аткаруу сизге оор болгонун билебиз. Андагы коркунучтарды кантип жеңдиңиз?

 – Чынын айтсам, менде коркуу сезим болгон жок десем болот.  Мага келген буйрукту  кабыл алышым керек деп түшүндүм. “Чапкан сайын көз чыкпайт” деп улууларда бул жолума ак батасын беришип, күдүк ойлорду, чоочулоону четке кагып,  ал тургай биринчи алып барган күнүмдө 80 90 жаштагы апалар келип колумду кысып мага өмүр тилеп турушту. Ырым – жырымын жасап, өтүп кеткен Гүлзат эже менен Гүлбүнүн арбагына куран окуп Шайыр жеңелик орундун чылбырын колума алдым. Ошол эле учурда “корккон жоксуңбу “-деген суроолорду да көп уктум. Кудайым колдосун…

 -Бул долбоорду Кыргызстандын баардык аймактарында көрүшөөрү талашсыз. Сиздин шайыр жеңелик милдеттиңизге карата көбүнчө кандай сындарды угуп жатасыз?

 -Башында “Гүлзат күлүп жайнап алып барчу, Гүлбү сулуу болчу, кийимдери да кооз эле”- деген салыштырууларды угуп жүрдүм. Көзү өтүп кеткен кыздардын ордуна келгенимди айрымдар ичтеринен күңүлүшкөндөй туюлду.”Баштагыдан жакшы алып барып жатасын”- деп, ошол эле учурда кеп – кеңештерин да айтып турган күйөрмандарым да бар. Өтө көңүл кайыштырган сын деле уга элекмин.

-Чыгармачылыгыңыз кантип жатат же көбүнчө убактыңызды “Сармерденге” жумшап жатасызбы?

  -“Сармердендин» шайыр жеңесинен сырткары “Арашан” элдик фольклордук ансамблинде эмгектенем. Жеке чыгармачылыкты да аксатпоого тырышам. Андан сырткары продюссерлик жумушту өздөштүрүп жатам. Бир жылга чукул убакыттан бери Суран, Айжанат деген түгөйлөр менен иштешип жатам. Буюрса жыйынтыгы жаман эмес. Алардын тушоо кесүү концертине даярдык көрүүдөбүз. Анан аял кишиге таандык эң бийик “Эне” деген кызматым бар. Убакытты туура пайдаланса көп жумушка жетишсе болот деп айта алам.

 –Кесибиңиз башка экендигине карабай бирок, чыгармачылык жолду тандаганыңызды билебиз. Кээде бул кесибиңизди тандаганыңызга өкүнгөн учурларыңыз болобу?

 -Бала чактан кыялданып жүрүп жеткен өнөр байрагын сыймыктануу менен көтөрүп жүргүм келет. Бул жолдо канчалык ийгилике, бакытка жетсем, анын башкы мээнети ата-энемдики деп билем. Мугалим болбосом да, окуткан агай эжелериме ыраазычылык айтам. Алар менин адамдык акыл парасатымдын калыптануусуна, улуу жолдо адашпай туура басуума акыл жемиши менен бөлүшкөндүгү чындык. Өкүнгөн учурум болгон эмес, анткени  адам сүйгөн  кесибин аркалаганда  гана ырахат алат эмеспи.  Тескерисинче кубанган учурларым көп болот.

 -Кандай учурда айым болуп жаралып калганыңызга кубанасыз?

 -Тукум улап, уул-кыз чоңойтуп жатканым үчүн, эне деген ыйык аталышка мен да эгедер экениме сыймыктанам. Кудайым кут кылсын деп, балдарымдын өз доорунун бактылуу, келечектүү, максаттуу улан-кыздары болушун тилеп, атасы экөөбүз тирек болууга тырышабыз.

-Мүнөзүңүз шайыр шаңдуудай көрүнөт. Үйдөн кимисин көбүрөөк тарткансыз?

-Атам шар жүргөн убакыт мамилеге так, болгонун болгондой сүйлөгөн  киши. Ошол сапаттарын жазбай тарттым. Апам ыраматылык көкүрөгү өнөргө чылк асыл сапаттуу айым эле…Экөө тең жакшылыктын көркүн ачып, обон созуп ырдап калышчу.

-Акыркы жолу кандай жагымдуу жаңылык угуп кубандыңыз?

 -Менин ар бир күнүмдө кызымдын өзүм үйрөткөн “Апа күлүп ойгонолу “-деген таңкы сөзүнөн өткөн жакшы жаңылык жок. Күлүп ойгонобуз. Жаңы күндү жылмайып тосуп, жандуу тирилике аралашып кетебиз. Жашоодо жакшы ниеттерибиз орундалып, жакшы гана жаңылыктарды эшитип турууну каалайбыз. Жер жүзүнун тынчтыгын, Кыргызстаныбыздын өнүгүшүн чын жүрөгүбүздөн тилейбиз.

Маегиңизге рахмат.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *