Андрей Малахов кыргызча “Кечирип коюңуздар!” деди (видео)

  Мезгил

Орус алып баруучусу Андрей Малахов өз программасынын аягында орус жана кыргыз тилинде “Кечирип коюңуздар!” деп кечирим сурады.

 Малахов буга чейин “мени туура эмес түшүнүп алышканына өкүнөм” деген

Малаховдун теле-берүү аркылуу кыргыз элинин дарегине шек келтирген сөздөрү тууралуу чуу чыккан учурда анын дарегине карата 2 суткада 20 миңден ашуун терс пикирдеги кайрылуу кыргызстандыктар аркылуу жиберилген. Ага карабастан буга чейин ал “мени туура эмес түшүнүп алышканына өкүнөм” деген.

 Малахов боюнча Ташиев жана элчи Жекшенкулов кайым айтышкан

Малахов боюнча “Ата Журт” саясий партиясынын тең төрагасы Камчыбек Ташиев элчибиз Аликбек Жекшенкуловдун дарегине карта “эмне кылып олтурасыз, же сизди да бийлик сындырып, өзгөрүп кеттиңизби” деген сын пикирин жолдогон. Өз кезегинде элчи да жөн жатпагандыгы айтып, “Бул окуянын негизинде чыр-чатакты андан ары күчөтүү аракеттери улана бериши мүмкүн, бирок биз айрым саясатчылардын жасалма жол менен уюшулган талашына киришүүгө жол бербешибиз керек. Жол кырсыктын айланасында атайын ажиотаж түзүү, тергөөдө отурган мекендешибиздин тагдырына терс таасирин тийгизиши мүмкүн”, – деген А.Жекшенкулов.

 Орус ТИМи калп айттыбы же кыргыз ТИМи?

Малахов боюнча кыргыз ТИМи Россиянын Кыргызстандагы элчисин чакырттып алып, маселе боюнча айтылды деген маалымат ЖМК аркылуу чагылгандай тарап кеткен.

Ошол эле учурда Россия ТИМи Малаховдун чуусу боюнча Россиянын Кыргызстандагы элчисин бул маселе боюнча эч ким чакырбагандыгын, ал эми Кыргызстан ТИМине ал кезектеги пландалган жумуштар боюнча барганын, эки тараптуу мамлекеттер аралык мамилеге бул абалдын тиешеси жок экендигин Россия ТИМи айтып чыккан. Орус ТИМинин билдирүусүнөн: “Малаховдун көз карашы – бул журналисттин пикири, абалга карата анын жекече көз карашы. Кыргызстандын Москвадагы элчилигине өлкөнүн ЖМК жөнүндөгү мыйзамынын жооп берүү укугу бөлүгүн пайдаланууну сунуштайбыз”

Ошондо “Малаховдун айтканы боюнча орус элчиси чакыртылып, ага эскертүү берилди” деп ЖМКга маалымат тараткан Кыргыз ТИМи калп айттыбы? Же өз жаранын коргоп, мамлекетинин аброюна көлөкө түшүрбөгөн Россия ТИМинин айтканына ишенүүгө болобу?

 Ийилген башты кылыч кеспейт

Ошентип Андрей Малахов “Прямой эфирдин” редакциясы менен кошо кыргыз элинен чын жүрөгүнөн кечирим сурады. Болгондо да кыргыз тилинде “Кечирип коюңуздар!” деп айтты. Бул үчүн Малаховго да ада чоң рахмат айтууга болот.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *