Ангинаны айыктырат. Курут көптөгөн ооруга табылгыс каражат

    Мезгил

Курут ден соолукка абдан пайдалуу.  Күнүгө 5-6 курут жегенди адатка айлантыңыз. Ал ооз көңдөйүн  тазалап, ангина болуудан сактайт жана тишти агартууда да пайдасы чоң. Муну менен катар эле кальций көбөйүп, сөөктөрүңүздү бекемдейт.

Эгер ангина сиздин тынчыңызды алып жатса, күнүгө 5-6 тоголок кадимки курутту жеңиз. Анткени аны жеген учурда шилекей көп бөлүнүп чыгат. Ал эми шилекейдин курамында ооз көңдөйүн бактериялардан тазалай турган лизоцим бар.

Дарыгерлердин айтымында куруттун курамындагы туз ангинаны жеңилдетүүгө жардам берет. Ошондой эле курут ооздогу керексиз майларды жок кылууга көмөктөшөт.

Албетте курут жегенден кийин адам суусайт. Бул учурда канты аз алма компотун ичүү сунушталат. Бул ыкманы күнүгө кайталап туруңуз. Себеби компот бөйрөктөгү кум менен ташты түшүрүп, анын жакшы  иштешине  өбөлгө болот.

Мындан сырткары адамдын каны коюлуп кетсе же, кандагы майдын өлчөмү көбөйүп кеткен кезде 2-3 тоголок курут жеңиз. Курут канды суюлтуп, майдан арылтат.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *