Англияда өткөн “London Cup 2019” эл аралык сынагынан кыргыз кыздары 20 медаль алып келишти

Мезгил

Англияда өткөн “London Cup 2019” эл аралык турнирде көркөм гимнастика боюнча Кыргызстандан барган өспүрүм кыздар бир топ ийгиликтерди багындырып келишти. Анда көркөм өнөрүн мыкты тартуулаган өспүрүм кыздар баш-аягы 20 медалга ээ болушту.

Аталган мелдешке Орусия, Украина, Германия, Австрия, Болгария, Казакстан, Кыргызстан, Англия жана башка өлкөлөрдүн 300дөн ашык спортчулар катышкан.

Тактап айтсак,  Сауле Тлебалдиева машыктырган, Кыргызстандын сегиз спортчусу 9 алтын, 6 күмүш жана 3 коло медаль алып келишти.  

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *