Аны эмне мен барып издейинби?! Депутат кимге сөөмөй кезеди?

Мезгил

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чыныбай Турсунбеков Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директору Мухабат Пратовага сөөмөй кезеди.

Эл өкүлү жашаган жери менен турган жери деп жазылган мыйзамдагы мүчүлүштүктөр боюнча сурады.  

-Мен бир терминдик жактан тактап алайын деп атам. Жашаган жери менен турган жерин түшүндүрүп берип койгулачы.  Жашаган жери менен турган жери эмнеси менен айырмаланат? –деди депутат.

Депутаттын бул суроосуна  Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директору Мухабат Пратова “Туруктуу жашан жери деген  атайын учетто тургандар” деди.

 -Терминдик жагынан тактап койбосоңор жашаган жери же турган жери деген бир эле маанини түшүндүрөт. Эгерде туруктуу жашаган жери   анан убактылуу жашаган  жери деп жазсаңар анда айырмаланган болот да.-деди эл өкүлү.  

Пратова “Азыркы учурда катоо боюнча мыйзам каралып атат ушундай айырмаларды мыйзамга келиштиребиз”- деди.

-Жашаган  жери менен турган жери деген терминиңер бири-биринен айырмаланбайт. Эгерде ага туруктуу жашаган жери же убактылуу жашаган жери дегенди кошсоңор анда айырмаланат. Элге түшүнүктүү болуш үчүн мыйзамда так болуш керек да. Бир сөздү кошуп койгондон жалкоолонуп жатасыңарбы? Анан жөн эле тиги жакта жазылып турбайбы дейсиңер же аны мен барып издейинби. Керек киши барып издейби. Мыйзамга  өтө олутту мамиле кылыш керек деп ойлойм-деди Турсунбеков.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *