Анжелика: Шайлоого барууга 5 партиядан сунуш түштү. Макулдугумду берсемби?

  Мезгил

Ырчы Анжелика Кайратова шайлоого баруу үчүн 5 партиядан сунуш тушкөнүн айтып ал учурда ойлонуп жаткандыгын интернеттеги баракчасына жазды.

-Бир партиянын тизмегине мени жөн эле кошуп, сүрөтүмдү дагы илип, жалган маалымат таратып жатышат. Мага беш тартиянын штабынын жетекчилери колума арыз беришкен. Мен эч кимисине кол коюп бере элекмин. Политикага жологонго эч качан оюм жок эле. Бирок, элдин берип жаткан деми, суранычы : “балким, сен деле өзгөрүү киргизип, дал ушундай тытынып иштеп берээрсин биз үчүн”, ишеничибиз чоң!-дегендерин угуп, өз көзүм менен көрүп жаткан көйгөлөрдүн үстүндө иш алып барууга мүмкүнчүлүгүм бар экенин сезип турам. Сиздер менен акылдашам да эми.

Ушул бойдон “элден элге” кызматында калайынбы? Же сиз сунуштаган партияны колдоп, макулдугумду береинби?

Балким, жаны дем, жаны куч, жакшы өзгөрүүлөрдү жасайттыр. Же башкалардай болуп- өзүм чече береинби?

Кол чолок болуп жатат, көбүрөөк жардам береин десем-дейт ырчы айым.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *