Анжелика: “Жигитим” деп мен айткан эмесмин, жигит жандаган жерим жок!

Мезгил

Ырчы Анжелика Кайратова  “Супер инфо”  гезити анын интервюсун бурмалап чыккандыгын айтып, нааразы болууда. Буга аталган гезитке өткөн аптадагы берген интервьюсу себеп болгон. Мен бул гезитке  “Жигитим” деп мен айткан эмесмин! Жүрөгүм бош эмес” деп айткам дейт ал. Ырчы бул тууралуу инстаграмдагы баракчасына жазды.

Болгондо дагы биринчи бетте!!!

-“Жигитим” деп мен айткан эмесмин! Журогум бош эмес, туура! Биринчиден, мен гезитке интервью берген жокмун! Экинчиден, негативтен ырахат алгансып комментарийлеринерде элди кырылыштырып контент топтойт экенсинер. Арасында отко май тамызган акаунттар өзүнөрдүн аранардагынар болсо керек. Менин уруксатымсыз мен жөнундө калп маалымат таратуунарды токтоткула. Силер менен достошуп, эч кимге бербеген интервьюмду берип келе жаткам. Кызым- Айыманын жайында шагын сындырганынар жетишет болчу! Башкы редакторунар байланышам деп бир ай куттурду!!! Кызым силерге ошондон кийин интервью бербейт деп өзүмө сөз бергем. Маданияты жок кабарчынар менен ал маселени жөнгө салбадынар. Сабыр кылдым. Эми акаунтунарга элдер тундук -туштук болуп кырылышып жатса, мени жигит жандагыдай озун жаш кыз кылып деп ырбатып жатасынар!!!

“Анжелика:” эмес, Анжеликанын журогу бош эмес экен. Бактылуу болсун!- деп койсонор болбойбу?!!- дейт ырчы айым.

Белгилей кетсек, буга чейин Анжежелика анын жүрөгү бош эмес экенин айтып,  сүйүктүүсү  колун сурагандыгын билдирген. 

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *