Апам экөөбүз бир жигитти сүйүп…

      Мезгил

Апам экөөбүздүн ортобуздагы ушул жагымсыз окуяга мен себепкермин деп өзүмдү-өзүм ушул кезге чейин күнөөлөйм. Бирок, андай болушун каалаган эмесмин. Жаштык – мастыктын айынан…

     Мен төрөлгөндө эле атам менен апам ажырашып кетишиптир. Мени атам алып калыптыр. Өз атам, өгөй эненин колунда тарбия алдым. Чоңойгонго чейин чоң апам да мага: “Таш боор энең сени карабай таштап кеткен. Кызым эмне болду деп сага бир да жолу келип койгонго жараган жок. Ушундай да мерез катын болобу” -деп өз энемди далай жамандап жүрдү. Акыры өгөй энем мени батырбай, айла жок, атам тааныштар аркылуу өз апамды шаардан издеп тааптыр. Кантсе да өз кызың эмеспи, эми өзүң тарбияла деп атам апама мени таштап кетти.

Апам аябай сулуу, жапжаш аял экен. Бирок, менин келишимди ал анча каалабады. Шаарда жатаканалардын биринде турат экен. Ушул кезге чейин турмушка чыккан эмесмин дейт. Анткен менен жакындан бери бир жаш жигитти үстүнө киргизип алыптыр. Жаш күйөөсүн Марат деп тааныштырды. Марат апамдын жанында баласы сыяктуу эле аябай жаш көрүнөт экен, ага эмнеге тийип алды деп адегенде таң калып да жүрдүм. Эртең менен апам Марат экөө жумушка кетет, мен үйдө керээлди кечке жалгыз калам. Кечинде ээрчишип кайра келишет. Ошентип, окшош күндөр өтө берди. Бир жолу Марат иштен эрте келди. Мага деп атайы балмуздак, шоколад ала келиптир.

Экөөбүз бир топко чейин апам жок, ар кайсыларды сүйлөшүп отурдук. Буга чейин Марат менен деле мынча ачылып сүйлөшкөн эмесмин. Анткени, апам мени жаш күйөөсүнөн кызгана берчү. Аны Марат да байкаптыр. Ушул күндөн баштап Марат мага түштө бир маал келип кетчү болду. Анысын апам билчү эмес. Апам жокто экөөбүз эзилише сүйлөшөбүз. Акыры экөөбүздүн мамилебиз сүйүүгө айланды. Адегенде жөн эле кучакташып отурчубуз. Кийинчерээк өбүшө баштадык. Акыры мен ага кыздык намысымды арнадым. Мен аны чын дилимен сүйүп калдым. Кечинде апам келсе Марат экөөнүн чогуу жатып алганын көрүп, мен да кызгана баштачу болдум.

    Арадан билинбей эле үч ай өтүп кетиптир. Бир күнү Марат түшкө маал адаттагысындай эле келип калды. Экөөбүз тамактанып алып, сүйүү оюнуна кириштик. Буга чейин күндүз үйгө эч ким келчү эмес. Жаңы эле энеден туума жылаңачтанып чечинип, махабат кумарына киришкенде эшик тыкылдап калды. Ким болушу мүмкүн деп унчукпай, демибизди ичибизге катып, тыңшап калдык. Аңгыча сырттан өзүнүн ачкычы менен эшикти ачып, апам кирип келди. Биз эмне кылаарыбызды билбей, дендароо болуп туруп бердик. Апамдын өңү кубарып: – Демек, кошуналардын айтканы чын турбайбы… Өз көзүм менен көрөйүн дегем… – деп каргылданган үнү менен сыртка ызаланып чыгып кетти. Марат экөөбүз эмне кылаарыбызды билбей, төшөккө сулк жаттык.

– Болор иш болду, боесу канды. Эми экөөбүз ачыкка чыгышыбыз керек. Мен сени сүйөм, сени алам, сага үйлөнөм, – деген сыяктуу сөздөрдү айтып атты Марат. Мага анын бир да сөзү кулагыма кирген жок. Эси-дартымдын баары эле апамда болуп атты.

Эми анын бетин кантип карайм, ал эмне болот деген ой эсимен кетпейт. Марат экөөбүз азыр апам келсе, аны менен жакшылап сүйлөшөлү деп көп пландарды куруп, кечке күттүк. Бирок, апам келбеди. Ызасына чыдабай бир нерсе болгон жокпу деп менде жан жок.

 Ошол бойдон апам дайынсыз жоголду. Издебеген жерибиз калбады. Бирок, эч жерден таппадык. Мен апамдын жоголгонуна өзүмдү күнөөлөп, жанымды коерго жер таппай жүрдүм.

Марат экөөбүз жашап алдык. Бирок жашообуз деле ошондон кийин оңолуп кетпеди. Үйдө күндө уруш-талаш, ызы-чуу. Акыры Марат да мени таштап кетти. Мен үйдө жалгыз калдым.

Өзүмдү-өзүм жек көрүп, Кудайдан, апамдан дайыма кечирим сурачу болдум. Эмне үчүн ушундай жеңил ойлуулукка алдырдым экен деп өзүмдү жемелейм. Эгер мен шаарга апама келбесем ал Марат экөө бактылуу жашамак беле дейм. Баарына мен күнөөлүүмүн деп жанымды эзем.

 Жакында апамдын бир курбусу аны Россияда соода кылып жүргөн жеринен көргөнүн айтып келди. Жүрөгүм ылдыйлап, күнөөм бир аз жеңилдей түшкөндөй болду. Бирок, эми апамдын жүзүн кантип караар экемин…

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *