“Апрель баатырлары”: Бизге Атамбаевдин тегерегиндегилер “түкүрүү” менен мамиле кылышкан

    Мезгил

“Айкөл Таза Коом” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү Ирина Карамушкинанын “Апрель баатырлары Атамбаевден батир, акча алышкан. Аны коргоп чыгышкан жок” деген дооматына ЖМК аркылуу жооп узатышты. Анда Атамбаевдин тегерегиндеги кишилер, учурунда апрель төнкөрүшүнүн катышуучулары Мээрбек Мискенбаев жана Амантур Жамгырчиевге “түкүрүү менен” мамиле кылышкан деп чыгышты. “Баатырларга” “түкүргөндөрдүн” арасында Ирина Карамушкинанын өзү да бар окшойт.

Бүгүн “Баатырлар Үмүтү” деген экинчи топ “Айкөл Таза Коом” коомдук бирикмесинин “Атамбаевчилер бизге “түкүрүү” менен мамиле кылган” дегенине каршы пикир билдирип чыкты. Анда сасык саясаттын сазына батпагыла деген чакырыктар ташталган. Ал тургай “Айкөл Таза Коомдун” мүчөлөрүнө үй-бүлөлүк кландык режимге башыңар жерге тийгенче ийилип, кызмат кылып жатасыңар деп айып тагышыптыр.

“Апрелчилердин” 144ү Роза Отунбаеванын колунан батир алган болсо, Атамбаевди колдогон 15 киши гана анын колунан батир алыптыр. Демек, “Апрель баатырлары” да ич ара бөлүнүп-жарыла баштаган тура. Атамбаев кезинде “апрелчилерге” өмүр бою баатыр деген статус ыйгарып, өмүр бою мамлекеттин эсебинен жөлөк пул төлөп берүүнү убадалаптыр. Андан бери 9 жыл өтүп, ар кандай жараттардан 50 киши каза болгон.

Келме кезек, терме тезек деген ушул белем?

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *