“Апрель” теле каналы атыр самынга окшоп, колдон-колго жылмышып кетеби?

   Мезгил

Өткөн аптада Атамбаевдик “Апрель” теле каналы эфирге чыгабыз деп добулбас кагышкан. Мурдагы Акыйкатчы Кубат Оторбаев башчылык кылган «Цифровые технологии» ЖЧКсы апрелчилер мыйзам бузбаса да эфирге чыгууга уруксаат бербей жатат деген таризде маалымат таратышкан. Ал эми Кубат Оторбаев болсо өзү жетектеген ишкана теле каналдын эфирге чыгарбоого эч кандай тиешеси жоктугун айтып, буга Аскердик прокуратура тыйюу салгандыгы, “Апрелдин” мүлкү камакта экендиги тууралуу билдирген.

Бул арада чыгармачыл топ Маданият жана маалымат министрлигинин Маалымат департаментинин директору Салкын Сарногоева менен маек да куруп жиберишиптир. Сарногоеванын айтымында “Апрель” теле каналы мыйзам нормаларын эч кандай бузбаптыр. Ошондой эле ишкердигин токтотуу же санариптик берүү пакетине уруксаатты жокко чыгаруу болбогондугун баса белгилептир. Мунун негизинде “Апрель” сүттөн ак, ага берилген уруксаат күчүндө деген билдирүү таратышты компаниянын тарапаташтары.

Буга чейин Атамбаевге тиешелүү деп, мүлкү камоого алынып, эфирге чыгуусу токтотулган “7-каналга” эфирге чыгууга уруксаат берилген. Ал эми “Апрелдин” тагдыры арсар болуп турат. Мүлкү камактан чыгарылып, эфирге чыгуу уруксааты берилген менен колдогон кожосу жок кантээр экен. Чоң “шеф” УКМКда, “дрижёрлук” кылып турчу Фарид Ниязов СИЗОдо. Ал эми Атамбаевден калган, чачылган биртике мүлкүн башкарып, эл катары көк пакет көтөрүп маршруткага түшүп жүргөн Раиса Атамбаеванын теле каналды каржылап, жүгүн көтөрүүгө кудурети жетер бекен? Же бул теле канал да шайлоо жакындаган кезде, атыр самынга окшоп, колдон-колго жылмышып кетеби?

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *