Араб компаниясы Кыргызстанда текстиль фабрикасын курууга кызыкдар

Мезгил

2019-жылдын 17-декабрь күнү Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусов Сауд Арабия Королдугунун «AJLAN BROS FAMILY» компаниясынын өкүлдөрү Akram Alhafaf жана Abed Hamdi менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Жолугушууда пахтаны өстүрүүдөн, аны даяр продукция түрүндө экспортко чыгаруу, кластердик ыкманы киргизүү менен Кыргызстандын текстиль  тармагына ивестициялоо маселелери талкууланды. Компаниянын өкүлдөрү Кыргызстанда пахтаны иштетүү жана даяр продукцияны өндүрүү боюнча текстиль фабрикасын куруу жана аны толугу менен жабдуу кызыгуусун билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында долбоорду жүзөөгө ашыруу боюнча макулдашууга жетишилди.

Эске салсак, аталган компания «AJLAN BROS FAMILY» классикалык эркектердин кийимин өндүрүү тармагында ишмердүүлүгүн алып барган алгылыктуу эл аралык корпорациясынын бири болуп саналат. Компаниянын капиталы 7 млрд. АКШ долларын түзөт. Ошондой эле, 25 мамлекеттин фонд рыногунда, жана Сауд Арабия, Европа, Азия, АКШ жана Канаданын кыймылсыз мүлк сферасында олуттуу салымдары бар.  

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *