Жээнбеков беткапсыз сүрөткө түшкөн өкмөт мүчөлөрү айып пул төлөй турганын айтты

   Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында  «бул илдеттин артынан бийлик акча кылууда, бул илдет жок» деген жоопкерчиликсиз билдирүүлөр бул оорунун бар экендигинен күмөн саноого түрткү болуп жатканын белгиледи.

«Буга кошумча, Өкмөт мүчөлөрү топтошуп, социалдык дистанцияны сактабай, бет капсыз сүрөткө түшүштү. Бул сүрөт бүт өлкөгө тарады. Мындай нерселер аракеттерибиздин баарын жокко чыгарат», — деп Мамлекет башчысы өкүнүү менен белгилеп, медиктердин талаптарын бузгандарга айып пул салууну талап кылды.

 «Бул чаралар Өкмөт Аппаратынын катардагы  кызматкерлерине карата колдонулбашы керек. Алар, менимче, башчыларынын буйругу боюнча чыгышкан. Баарыңар айып пул төлөшүңөр керек», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынына катышкан Өкмөт мүчөлөрүнө кайрылып жатып.

Белгилей кетсек, 17-июнда Өкмөт үйүндө  премьер-министрдин  ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү расмий иш-чарасы өттү. Андан тартылган сүрөт соцтармактарга тарап, катуу талкууга алынды. Буга себеп  сүрөттөгү өкмөт мүчөлөрүнүн маска тагынбай жүргөнү болду.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *